Ошто уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири 34 жаштагы аялды сабаганы үчүн, экинчиси курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн жана Оштогу кафелердин биринде 20 жаштагы жигитти сабаганга шектелип издөөдө жүргөн. Шектүүлөрдүн бири мурда 5 жолу соттолгон.

Кармалгандар Ош шаардык сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан