Жанлуижи Буффон: "Ушул жашка чейин ойноп жатканыма Криштиану Роналду себепкер"

Франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун дарбазачысы Жанлуижи Буффон чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду тууралуу пикирин билдирди.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы дарбазачы узак убакыттан бери Европа чемпиондугунда ойноп келишине Роналдунун салымы чоң экенин айткан.

"Криштиануга ыраазычылык билдиришим керек. Мен ушул жашка чейин күчтүү клубдарда ойноп келгеним үчүн ага карызмын. Анткени Роналдунун өз машыгууларына болгон мамилеси, кесипкөйлүгү, жеңишке болгон каалоосу мени таасирлентип, андан үлгү алганым үчүн 40 жашка чыксам да спорттук карьерамды жыйынтыктабай, дагы да жаңы жеңиштерге умтулуп келе жатам", - деген Буффон.

Белгилей кетсек, Буффон 2018-жылдын жай мезгилинде "Ювентустан" "ПСЖга" өткөн. Ага чейин ал 17 жыл Ювентустун курамында ойноп, 9 жолу Италия чемпиондугун жеңип алган. Мындан сырткары Буффон Италия курама командасы менен 2006-жылы Дүйнө чемпиондугунда биринчи орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samina007
2018-10-21 15:00:00
Буффонищщее!!!
+9
Dembele84
2018-10-21 15:32:57
Фууу
-12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан