Сокулукта тургунду коркутуп, жерин жана Лексусун тартып алууга аракет кылды делген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүйдө коркутуу жолу менен жарандын мүлкүн тартып алууга аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Сокулук районунун жашоочусун күч колдонуу менен автоунаага салып, Военно-Антоновка айылынан өткөн Чоң Чүй каналы тарапка алып барышкан. Ал жактан алар коркутуу жолу менен Сокулуктун тургунуна тиешелүү болгон 2 жер тилкесин жана Лексус үлгүсүндөгү автоунаасын өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.

Жогорудагы фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында 29 жаштагы В.Т. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн кылмышка тиешеси болгон башка шериктери изделип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kgda
2018-10-21 17:06:16
Ушул кылмыштуу топторду туп тамыры менен жок кылган бироо чыгабы деги.
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-10-22 01:40:27
В.Тнар оруско я?Суротуно караганда!Жабырлануучунунда аты жонун эки тамга менен жазып суротун койуп угадайте дегендей кылып койсонор аны да угадать этет белек деймда
+1
Jasa
2018-10-22 02:53:55
Бул го орус экен,москвада таксопарктагы кыргыз балдарчы кыргыздын канын соргон,азыр эле кордум Канат деген жабырлануучунун видеосун..
0
Kaary
2018-10-22 09:19:09
Шилтемелеп салбайспы бизди ошол видего?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан