Бир кезде "Sexy, sexsy" деген ыры менен ырчы катары таанымал болгон Арман Эсенгожоев колуна нике шакегин тагынды. Дегенибиз Арман мырза дунган кызга баш кошту. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышка чыгып, төмөндөгүдөй жооп алды.
"Кудай үйлөнгөнгө бүгүнкү күндү насип этиптир. Келинчегим Роза 22 жашта, дунган кызы. Экөөбүз мындан 2 жыл мурда социалдык тармактардын биринен таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп калганбыз. Ата-энеме сүйлөшкөн кызым дунган экенин айтканымда каршылыгын билдирген жок. Анын үстүнө Роза кыргыз тилин жакшы билет.
Роза экөөбүз баш кошуу үчүн ушул күндү тандаганбыз. Бүгүн Розанын кыз узатуу тою болду. Ал эми үлпөт той 27-октябрда борбордогу тойканалардын биринде болот", - дейт ырчы.