Жакындары менен баратып жол кырсыгына кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов унааны өзү айдап бараткан. Мындай маалыматты Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаанын ичинде жалпы 6 адам болсо, төртөө жаракат алып ооруканага жеткирилген.
"Кырсыктан 4 адам жаракат алып Токтогул аймактык ооруканасына жеткирилген. Алар: депутат Нодирбек Каримов, 69 жаштагы апасы, 46 жаштагы аял киши жана 19 жаштагы жаран болгон. Ал эми 16 жана 20 жаштагы эки жаран амбулатордук жардам алууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа айдоочунун башкаруусунан чыгып кетип кырсыкка кабылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп кабарлашты башкармалыктан.
21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылып, жанында келе жаткан апасы каза болгон.