ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте отургузулган 9 миң сомдук көчөттөрдүн ордуна унаа токтоп жатат" дейт окурман

Бишкекте отургузулган көчөттөр жок болуп, ордуна унаалар токтоп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Киев көчөсүндөгү Тоголок Молдо жана Исанов көчөлөрүнүн ортоңку бөлүгүндө отургузулган көчөттөрдү алып салышып, машина токтоочу жайга айлантып алышыптыр. Бул нерселерге ким көңүл бурат? Эгер минтип көчөттөрдү жок кылып турушса анда жашыл шаар эмес, такыр шаарга айланып калышы ыктымал. Мен мындан 1-1 жарым ай мурун көргөндө жашыл жалбырактуу 9000 сомдук көчөттөр отургузулуп турган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-10-23 09:20:22
Эмне дешини да билбейсин, бироосу 9 мин деп акчасын жеп отургузса, бироосу алып таштап парковка кылып алса , эмне деген заман болуп атат, мамлекеттин акчасы ушинтип тоноло береби, же акчадан жок же натыйжасы жок,муну козомолдой турган бироо барбы?
0
Umakg
2018-10-23 10:56:04
Текшерген Адам жокпу бул нерсени.бул жерди баары эле жеп жатат жебеген жердин астындабы
0
Yiman97
2018-10-23 15:25:24
9 мин сомдук кочот тургай иттин .... да жокко)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан