Айчүрөк Иманалиева концертинде үй-бүлөсүн эл алдына алып чыкты (фото)

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева "Сахнада 30 жыл" аттуу юбилейлик концертин тартуулады. Ырчынын чыгармачылыгын сыйлап келген көрүүчүлөр Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын 90 пайызын түздү.

Иманалиева эл алдына белгилүү "Роза гүлү" аттуу ырын аткарып көрүүчүлөр менен амандашкан соң, репертуарындагы ырларын катары менен аткарды. Кечеде алып баруучулукту ырчынын концертин 30 жылдан бери алып барып келген Турусбек Жумалиев аркалады.

Концерттин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Махабат Мавлянова Иманалиеваны 30 жылдык мааракеси менен куттукташып, "Сахна жылдызы" медалы менен сыйлашты. Андан соң ырчы жолдошу Таалай Ороскулов, уулу Аргенди жана кызы Аэлитаны эл алдына алып чыгып тааныштырды.

Айчүрөк Иманалиева улуу уулу Аргенди "азыр кайда?" деп сурагандар көп экенин айтып, сахнада күйөрмандарын Арген менен кайрадан тааныштырды. Арген апасына букет тартуулады.

Айчүрөк Иманалиева уулу Арген мененАйчүрөк Иманалиеванын юбилейлик концерти менен куттуктап ырчылар Адилет Азимов, Ислам Акматов, шакирти Милана Сариева келишип, ыр белектерин тартуулашты.

Концерттин видеосюжетин эртең, 23-октябрда SUPER TV'дан көрө аласыздар.

Айчүрөк Иманалиева концертинде үй-бүлөсүн эл алдына алып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nargiza1987k
2018-10-23 02:03:46
Арген жокгоо
-4
Fortuna1987
2018-10-23 03:34:47
Антпесе уй булосун эл тааныбай жатпады беле? Эми уй булосу менен мактанайын деген го? Кызык эле, элдер уй булосун эл козунон сактайт экен.
-8
titanik32
2018-10-23 05:10:05
Ушул Айчүрөк эмне деген аял түшүнбөйүм,концерт бер да кет үйүңө.Эми үй бүлөсүн сахнага чыгарып эл менен тааныштыргандын эмне кереги бар.Жаш үйлөнүп эми чыгып таанылып жатса го бир жөн,сахнада жүрүп эле каарып бүттү го.
-7
Benazir08
2018-10-23 06:57:35
А жакшы уйбулолук бакыт. Бул жолдошунуздан уул жок окшойт анда.... Дагы бир уул тороп берин биротоло конулунуз ток жашайсыз. Келечекте балпайган байбиче бп уул кыздын сыйын корунуздор. Коментщиктер мынча бузуку ичи тар адамбыз жакшы соз жазсанар оозунар кыйшайып клавиатуранар иштебей калабы? Билбей туруп куноого батпай жакшы созунорду жазып койгула да башкага да ыраа коруш керек мен Айчуроктун энесинин эгизи эмесмин. Мусулман катары жакшы соз айткым келди бакыт каалайм.
+6
bond02
2018-10-23 16:28:04
Бул катын болду ырдабайм деп жатпады беле.
-5
UmBaEl
2018-10-23 16:44:14
Уулу бар.Арген, Арлен анан Айэлита
+3
ferrara2014
2018-10-23 18:20:06
Кыргыз эстрадасынын
ЖЫЛДЫЗЫ! УНУНУЗ очпосун! Ийгилик!
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-10-23 19:57:44
Артист деп ушуну айтат молодец!
+4
fanatka19
2018-10-24 03:35:53
жарытылуу ыр алып чыга албай уй булоосун алып чыккан го. Концертте анын уй булоосу кимге керек.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан