2018-жылдын 9 ай аралыгында өлкө боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 948 кылмыш катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ички иштер органдары тарабынан 9 ай аралыгында 20 миң 401 кылмыш иши катталып, кылмыштын жалпы санынын 88,9 пайызын түздү. Кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 15 миң 294 кылмыштын бети ачылган. Катталган кылмыштарды иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 18 миң 503 кылмыш иши козголгон жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тарабынан 12 миң 712 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.