Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2 миң 200 баш кою менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калып калган. Аталган аймакка куткаруучулар барып, чабандарды тамак-аш менен камсыздап, алар ашуудан өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Ушул жылдын 18-октябрь күнү 8 чабанды малы менен ашуудан түшүрүүгө Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу жөнөтүлгөн. Кечээ, 22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен чабандар мал-жандыктары менен ашуудан өтүшүп, Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.