Жайыл районунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 168-чакырымында (Париж тилкеси) орун алган. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада 1 эркек жана 1 аял киши алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми дагы 1 эркек жана 1 аял ар кандай жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, унаадан каза болгон адамдардын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.