Бишкекте "улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан" деген шек менен Баткендин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"22-октябрда УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам изилдөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылы туулган Баткен облусунун А.А. аттуу тургуну кармалды. Кармалган адам WhatsApp тиркемесинде 100 адам катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды. Такталган маалымат боюнча, ал 2010-жылкы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн, кечирим суратканы тартылган 8 жыл мурунку видеороликтерди жайылткан. Азыркы убакта кармалган адам материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин моюнуна алды. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.
УКМК тарабынан провокациялык мүнөздөгү материалдарды даярдап жана жайылтууну аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.
Маалымат үчүн: Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык, улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандарды динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле интернет тармагын пайдалануу жолу менен жасалса, 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.