"Красота по-американски", "Американский пирог" тасмаларындагы ролу менен белгилүү болгон актриса Мина Сувари үчүнчү ирет турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Актриса Беверли-Хиллзде өткөн кайрымдуулук иш-чарасына катышкан. Иш-чараны чагылдырууга келген журналисттер актрисанын колундагы нике шакегин байкап калып, ага суроо узатышкан. Мина Сувари турмушка чыкканын тастыктап, анын өмүрлүк жолдошу Майкл Хоуп экенин айткан.
"Мен ырасында эле бактылуумун! Биз бактылуубуз. Ооба, үчүнчү ирет - өзүнчө эле керемет!" - деген актриса.
Мина Сувари менен Майкл Хоуп мындан 2 жыл мурда тасма талаасынан таанышып, ошондон бери сүйүү мамилесин куруп келген.
Маалымат үчүн: Мина Сувари 1979-жылы 13-февралда АКШнын Род-Айленд штатынын Ньюпорт шаарында төрөлгөн. Актрисалык карьерасын 1995-жылы "Парень познаёт мир" тасмасынан баштаган. 2000-жылы актриса кинооператор Роберт Бринкманнга турмушка чыгып, 2005-жылы ажырашып кеткен. Андан кийин 2010-жылы продюсер Саймон Сестито менен үй-бүлө курган. Бирок 2 жылдан кийин түгөйлөр эки башка жолго түшкөн.