Нарында жеңил унаа ала салып, 1 адам каза болду. Айдоочунун спирт ичимдигин ичкени аныкталган

Нарында айдоочу рулга ээ боло албай унаа ала салып, бир адам каза болду, муну менен катар 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 19-октбярга караган түнү болжол менен саат 02:10 чамасында Куланак айылында катталган. Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай ала салып кеткен.

"Унаада төрт жүргүнчү бара жаткан. Кырсыктан 44 жаштагы айдоочу А.К. 30 жаштагы К.Т. жана Д.М. ар кандай жаракаттарды алып, бейтапканага жеткирилсе, 37 жаштагы дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган эмес. Ал эми 30 жаштагы Ж.А. кырсык болгон жерден каза тапкан. Жабырлануучулар жана каза болгон жаран Нарын облусунун тургундары болушкан. Унаа айып жайга токтотулуп, тергөө иштери башталды. Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталды", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан