"Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл өткөрүү постунан "Кызыл китепке" кирген ылаачынды мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан Казак жараны кармалды. Мындай маалыматты мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты. Кармалган жаран ылаачынды Кыргыз Республикасынын аймагынан 22-октябрь күнү алып чыгып баратканда колго түшкөн.
"Казакстандын 31 жаштагы Э.Ж. аттуу жараны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа айдап пунктка келген. Унаанын ичине текшерүү жүргүзгөн чек арачылар арткы орундуктан коробкага салынган шумкарды көрүшкөн. Жарандын жанында канаттууну алып өтүүгө уруксат кагазы болгон эмес", - дешет чек ара кызматынын тийиштүү бөлүмүнөн.
Тиешелүү документтер топтолуп, кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.