Ырчы Үмүтай Абдышова кыялындагы темир тулпарлуу болду. Ырчы SUPER.KG порталына унааны апасы белек кылганын айтып, буларга токтолду.
"Мен Казакстандын Тараз шаарына чакыруу менен кеткем. Бүгүн келсем апам агамдыкына барып келели деп калды. Мен чарчаганымды айтып, барбай эле эс алайын деп сурансам болбой алып барды. Барсак короодо унаа туруптур. Ал унаа кимге таандык деп апамдан сурасам мага белек экенин айтты. Ырасында эле күтүүсүз болду. Негизи 2 ай мурда унаа алайын дегем. Бирок топтогон акчамды Балыкчыга алгачкы жеке концертимди коюу үчүн жумшап жибердим. Концерттен кийин уулумду сүннөткө отургузууну пландап, тойканалардын бири менен сүйлөшүп койгом. Ушул иштерди бүтүргөндөн кийин унаа алам дегем.
Бул менин алгачкы унаам. Үлгүсү Nissan Primera. Буга чейин ушундай унаа алам деп кыялданып жүргөм. Апамдын белеги аябай жакты", - дейт ырчы.
Үмүтай Абдышова көпчүлүккө "Жылдар өтсүн арадан", "Көздөгү сыр", "Бакытым", "Кечиккен махабат" жана башка ырлары менен таанымал.