Бүгүн, 23-октябрда саат 11:30да Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү жүрдү. Мындай маалыматты ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
"Көчкү Ачы-Сай сайын бөгөп калган. ӨКМнын облустук башкармалыгынан жана Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакка барышып тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул боюнча маалымат улам такталып, толукталып турат", - деп жазылат маалыматта. Белгилүү болгондой, турак үйлөргө коркунуч жок.