Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту апасы менен чырдашып, ага бычак сайган 28 жаштагы Дилмуратка (Д.уулу.Д. аты өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жайгаштырылып, окуя ушул жылдын 16-май күнү болгонун белгилеген.
ОКУЯ ТУУРАЛУУ
Нарын облусунда төрөлүп, Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча аймагындагы үйлөрдүн биринде жашап жаткан Дилмурат апасы менен жаңжалдаша кеткен. Ал кезде Дилмурат мас абалында болуп апасы Т.Н.нын көкүрөгүнө, тамагына ашкана бычагы менен сайып салган.
ОКУЯ БОЛГОН КҮНҮ АПАСЫ ДА МАС БОЛГОНУН АЙТКАН
Соттук териштирүүдө Дилмурат апасына бычак сайганын моюнуна алып, жасаган ишине өкүнүп жатканын билдирген. Ал эми апасы Т.Н. окуя болгон күнү ал да мас абалында болгонун, уулу экөө уруша кетип, баласы ага 3 жолу бычак сайганын айткан. Ошондой эле ал уулун өзү ошончолук ачууланууга жеткиргенин, ага карата доосу жок экенин, аны камабоону сураган.
Бычактан жаракат алган Т.Н. Бишкектеги хирургиялык ооруканага жеткирилип, медициналык экспертиза анын денесинин көкүрөк клеткалары тереңине чейин жабыркаганын, мындан тышкары моюн тарабына жаракат келтирилгенин аныктаган. Жыйынтыгында Т.Н.нын ден соолугуна оор зыян келтирилген.
СОТ УУЛУН 5 ЖЫЛГА ШАРТТУУ ТҮРДӨ ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ
Сот Дилмуратка карата чечим чыгарууда, жабырлануучу менен айыпталуучунун элдешип алганын, жабырлануучу тосмо арыз жазганын, уулун эркиндигинен ажыратпаш керектигин сурангандыгын, мурда соттолбогондугун, эки тараптын көрсөтмөлөрүн эске алган. Жыйынтыгында адамдын өмүрүнө атайылап зыян келтиргендиги үчүн сот Дилмуратты шарттуу түрдө 5 жылга эркиндигинен ажыраткан.