Ошто милицияга "ата өзүнүн 8 жаштагы кызын зордуктап жүргөн" деген арыз түштү

Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Анын 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук көрүп жүргөнүн аталган борбордун башчысы Дарика Асилбековага байланышканыбызда бүгүн, 23-октябрда SUPER.KG'ге билдирди.

Ага чейин Асилбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына борборго алып келинген балдар туш болгон абалды кыскача жазган эле.

"Айтканга, жазганга аргасызмын! Эл-журт, эмне дейсиңер?! Азыр "Ак жүрөк" кризистик борборунда 3 бир тууган жана апасы турат. Анын бойго жете элек 8 жаштагы балапан кызы атасынын курмандыгы болгон. Ал кызды алдап, коркутуп зордуктап жүргөн. Апасы абалын айтып бүтө албай жатат", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Бул тууралуу борбордун директоруна байланышканыбызда, өзү да мындай көрүнүшкө ишенгиси келбегенин, бирок келиндин жана балдардын оор абалын уккан соң кордук көрүп жаткан үйдөн алдыртып алганын билдирди.

"Өз атасы ушундай кадамга барганына зээним кейип жаздым. Бул 3 бир тууган апасы менен биргеликте ошол үйдөн араң чыгышты. Учурда милицияга арыз жазылган, тиешелүү органдар кандай иш-аракеттерди көрөт, көрөбүз", - деди Асилбекова.

Ош ОИИБинин маалымат кызматы бул тууралуу арыз түшкөнүн SUPER.KG'ге тастыктап: "Бүгүн, 1-2 саат мурун Ноокат районунда ушундай факт болгон деген арыз түштү. Азыркы тапта бул боюнча материалдар топтолуп жатат.Тиешелүү экспертизалар да дайындалууда. Дагы маалыматтар берилет", - дешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Zamka79
2018-10-23 17:12:15
Кудайдын кусуру урсун ушундай акмактарды
+7
gulia90
2018-10-23 17:17:31
Адамдын үрөйү учуп, жүрөк дуркуройт го мындай кабардан. Аллахым пенделеринин жүрөгүнө ыйман сала көрсүн. Өтө өкүнүчтүү жана коркунучтуу Кабар экен, балапан кыз (((эми тагдыры эмне болот.
+4
Baku88
2018-10-23 17:19:09
Ушунчалык өлүп баратса аялы турат го ой өлүп кеткир
+11
aibars
2018-10-23 17:27:50
Зеенин кейит кантип колу барды? Ыйман берсин.
+7
Tansuluu09
2018-10-23 17:40:12
Мындай атаны туболук турмо же олум жазасына тартыш керек!!!!!!
+9
Take_men
2018-10-23 19:15:17
Жээндер окшойт!?
+5
Jelezo
2018-10-23 21:52:11
Акылы кем төрөлгөн эркек окшойт. ХХХХХХХ керекда мындай ХХХХХХ сымаалдарды адам укугун коргогон мамлекет болуп ушуга жеттик өлүм жазасын алып салып, демократиянын атасы деген Америкада өлүм жазасы бар.
+3
Umakg
2018-10-24 09:01:53
Олум жазасын бериш керек
+1
nurbek56
2018-10-24 09:50:56
Бизде олум жазасы жок. ХХХХХХХХХХ Омурбойу эркиндиктен ажырдатып аны багып отурбастан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан