Ош-Бишкек унаа жолунда тактай жүктөп келе жаткан унаа оодарылып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Маалымат боюнча, жол кырсыгы бүгүн, 23-октябрда саат 06:00 чамасында катталган.
МАН үлгүсүндөгү унаага Бишкек шаарынан тактайларды жүктөп Ошко келе жаткан. Токтогул районунун Чычкан капчыгайына жеткенде 38 жаштагы айдоочу Б.И. рулду башкара албай, оң капталы менен сүрүлүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу ошол жерде көз жумган. Ал Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну болгон. Ал эми ошол эле унаанын ичиндеги жүргүнчү М.Ж. аймактык ооруканага жеткирилген. Анын айтымында унаанын тормозу иштебей калган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.