Кызыл-Кыяда күйөө баласы балта менен чапкан кайната-кайнененин абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын директору Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Анын айтымында, 62 жаштагы аял жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, ал эми анын күйөөсү сыныктар бөлүмүндө дарыланууда.
"Бизге түшкөн эки жарандын тең абалы оор. Аял баш мээсинен катуу жаракат алган. Ал эми 69 жаштагы эркек кишинин эки колунун билектери сынган. Ошондой эле баш мээсинен да жаракат алган. Алар учурда дарыгердердин көзөмөлүндө", - деп оорукананын директору билдирди.
Эске салсак, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күйөө бала өзүнүн кайната-кайненесин түн ичинде келип, балта менен чаап, өзү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен.