Бишкекте маданият кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча таймаш өтөт

Бишкекте маданият кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча таймаш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына таймаштын демилгечилеринин бири Улукбек Омокеев билдирди.

Анын айтымында, мындай таймашка ырчылар, музыканттар, актёрлор, акындар, тамадалар жалпы эле өнөр адамдарынан турган командалар катышат.

"Бул таймаш ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат. Биринчи таймашты акындар командасы уюштуруп, таймаш өткөрүү эстафетасы ырчылар тобуна өткөрүлүп берилген. Кийинки оюндар маданият күнүн утурлай 2-ноябрга белгиленген. Бул жолу акындар, музыканттар, алып баруучулар, кино жана театр актёрлорунан турган 10дон ашуун команданын катышуусу күтүлүүдө.

Демилге өткөн жылы жазма акындар тарабынан сунушталып, волейбол федерациясынын макулдугу менен "Арт лига" деп аталган маданият ишмерлеринен турган командалар катышуучу волейбол лигасы түзүлгөн. Турнирди уюштуруу иштери өтмө кубок катары маданият өкүлдөрүнө өткөрүлүп турат", - деди Омокеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан