6-июль күнү КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн Олимпиадалык комитет жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. Аталган жолугушуу 2013-жылдагы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын алкагында Казань шаарында өттү. Анда катышуучулар КМШ жана Балтия өлкөлөрүндө студенттер аралык спортту өнүктүрүү жана Казань шаарында өтүүчү Дүйнөлүк Жайкы Универсиада тууралуу талкуулашты. Ошондой эле ушул жылдын август айында жеңил атлетика боюнча Москвада өтө турган чемпиондук боюнча аталган спорт түрүнүн эл аралык федерациясынын маалыматы угузулду. Мындан сырткары Мурат Саралинов Өзбекстан, Эстония, Грузия жана башка КМШ өлкөлөрүнүн Улуттук олимпиадалык комитеттеринин президенттери менен жолугушту.