Италияда орусиялык футбол күйөрмандары метро ичинде кырсыкка кабылышты

23-октябрда Италиянын Рим шаарындагы "Piazza della Republica" метро станциясында ылдый жүрүп жаткан эскалатор катуу ылдамдыкта иштеп кетип үстүндө турган жүргүнчүлөр жаракат алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, орусиялык футбол фанаттары ЦСКА-"Рома" беттешин көргөнү келишкен.

"Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, орусиялык футбол күйөрмандары мас абалында болушкан. Алар эскалатордун үстүндө бийлеп ары-бери секирип жүрүшкөн", - деп билдирген Рим шаарынын мэри.

Окуя болгон соң куткаруу иштери башталып жаракат алгандар жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Жалпы 30 адам жаракат алган, алардын ичинен экөө италиялыктар. Жетөөсүнүн абалы оор. Бир орусиялык футбол күйөрманы бир бутунан ажыраган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп эмне себептен эскалатор жарактан чыкканы изилденүүдө.

Орусиялык фанаттар кабылган кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан