Белгилүү болгондой, клиптин сценарийи боюнча рэпер учактын канатында турмак. Клипти тартуу иштери башталганда Жон Жеймс Макмюррей учак менен абага көтөрүлгөн. Ал учактын ичинен канатына чыккан, бирок кокусунан буту тайып, жерге кулап түшкөн. Натыйжада Макмюррей алган жаракатынан улам каза болгон.

"Жон тайгаланып кетип учактын канатын кармап турган. Бирок колу талып кеткендиктен көпкө кармап тура алган жок. Ал парашютту ачканга үлгүрбөй калды. Клип тартууга чейин Жон ушул трюкту аткарыш үчүн бир нече ай даярданган. Ал даяр болгондо гана тартуу иштерин баштаганбыз", - деген рэпердин менеджери.

Ал эми учуу боюнча адистер "Жон Жеймс Макмюррей учактын канатын кармап калгандын ордуна паршютту ачып, секирип кетиш керек болчу, ошондо ал каза болмок эмес" деген пикирлерин айтышкан.

Маалымат үчүн: Жон Жеймс Макмюррей 1984-жылы Канаданын Калгари шаарында төрөлгөн. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнө келгенге чейин тажрыйбалуу лыжа тебүүчү болгон.