"Супер хитке" Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Жалынам" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Жалынам" аталышындагы клиби кошулду. Чыгарма режиссёр Руслан Акундун "Көк бөрү" тасмасына саундтрек болуп жазылган. Ал эми клиптин айрым сюжети тасмадан алынган.

17-ОКТЯБРДАН 24-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" клиби эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орун - Арсендин "Арнадым сага" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" чыгармасы ээлеген.

7-орунда - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы жайгашкан.

6-орун - Курал Чокоевдин "Шоколад" видеоклибине буюрган.

5-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.

4-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби ээлеген.

3-орун - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби ээлеген.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган 60`K тобунун "Мерез жүрөк" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан