Ошто өз атасы тарабынан зордукталды делген 8 жаштагы кыздын атасы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыздын атасы алгачкы көрсөтмөсүндө аялы менен урушуп кеткенин, мындан улам аялы андан өч алыш үчүн ушундай кадамга барганын айтты. 23-октябрда бизге кыздын апасы арыз менен кайрылып, күйөөсү тарабынан сабалганын жана кызына карата зордуктоо болгонун билдирген. Учурда кыздын зордукталганы аныктала элек. Биз экспертизанын жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы.
Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.