Биз социалдык тармакта

Өткөн суткада өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталган.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 5 өрт кырсыгы, Ош аймагында 7, Ысык-Көл облусунда 4, Чүй өрөөнүндө 3, ал эми Нарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарында Ауди үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткен. Ош облусуна караштуу Мырзаке айылында баланын тентектигинен турак үйдүн короосунда жайгашкан сарай жана 2 тонна саман өрттөнгөн. Ал эми Нарын районундагы Кеңеш айылында белгисиз себептерден улам 7 гектарга жакын ээн талаадагы кургак чөптөр күйүп кеткен.

Болуп өткөн өрт кырсыктарында адамдар жабыр тарткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан