Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-октябрь күнү саат 02:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 165-чакырымында, тактап айтканда, Суусамыр жайлоосунда катталган. Анда Фура оор жүк ташуучу унаа менен Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон. Көз жумган адамдардын жансыз денелери унаадан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ал эми Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө байланышканыбызда, кырсык боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rahmatovich7
2018-10-24 12:10:33
Эх кандай окунучтуу, "жол кырсыгынан адам каза болду" деген нерсе токтобой турган болдуго. Айдоочулар абайлап айдагылачы.
+1
Defans2017
2018-10-24 14:28:54
Джип минген кээ бир адамдар олбос Кащейдей айдашат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан