Бир электрондук капчык мени ыңгайсыз абалда калтырганда...
Акыркы 4 жыл ичинде мен mobilnik.kg электрондук капчыгын активдүү колдонуп келгем. Чөнтөктөгү телефон менен эле каалаган убакта балансты толтуруу, ай сайын суу, электр энергиясы, интернет, газ үчүн төлөмдөрдү комиссиясыз төлөө абдан ыңгайлуу. Кыскасы, ишенимим чоң болчу. Электрондук капчыкка миңдеген суммаларды сактай берчүмүн. Бирок бир жумадай убактын ичинде 12-16-октябрь күндөрү, телефонумдагы мобилдик тиркеменин иштебей калганы мени абдан ыңгайсыз абалда калтырды.
0 (312) коду менен башталган номерине чалсам, "Сиздин кезектеги номериңиз "7". Күтүп туруңуз" дегенде дароо өчүрүп салдым, анткени жарым сааттай күтмөкмүн, ар мүнөтүмө 5 сомдон кетип турмак. Бир-эки сааттын ичинде иштеп калар деген үмүт менен тиркемеге көп көңүл бурбай турдум. Андан бери 5 күн өттү - тиркеме иштебеди, абдан жиндендим. Электрондук капчыкта чоң суммадагы акчам бар эле. Интернеттеги социалдык тармак аркылуу жеке баракчамдан "Силерде да Mobilnik.kg иштебей жатабы?" деп суроо салсам, эки миңге жакын досумдун биринен да жооп түшпөдү. Көп деле адам бул электрондук капчыкты колдонбойт окшойт деген тыянакка келдим.
Интернетте бул компаниянын кардарлар менен байланыш функциясын таптым. Оператору менден кечирим сурап, маселени жакшы түшүндүрүп берди. Ачуум бир аз басылды. Бир нече сааттан кийин электрондук капчыгым иштеп калды. Келечекте дагы ушундай кырсык кайталанбайт деп айтуу кыйын. Ошентип альтернативдүү электрондук капчыкты издөө жолуна түштүм...
Альтернатива бат табылды
Интернеттен издеп, эл аралык Beeline компаниясынын balance.kg электрондук капчыгын таптым. Мобилдик тиркемесин бир жумадай колдонуп, бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктап, жогорудагы электрондук капчыгым менен салыштырып көрдүм.
Биринчиден, balance.kg'нин туруктуу иштегени жакты. Тиркеменин жөнөкөйлүгү, аны иштетүүнүн ыңгайлуулугу, көп функциялары бар экени көзгө урунду. Мурункуга салыштырмалуу бул тиркеменин эң негизги артыкчылыгы - balance.kg'нин электрондук капчыгын ар түрдүү терминалдан толтуруу мүмкүнчүлүгү. Ал эми mobilnik.kg'нин электрондук капчыгына акча салуу өзүнүн гана терминалдары аркылуу мүмкүн. Алар кээ бир соода түйүндөрүндө жок, эгер табылса - кээде иштебей турган болот.
Дагы бир өзгөчөлүгү - balance.kg'нин капчыгындагы каражаттарды акчалай түрдө алуу мүмкүнчүлүгү. Ал үчүн болгону Элкарт банктык карточка ачыш керек. Ал эми Mobilnik'тин капчыгындагы сумманы акчалай түрдө ала албайм.
Көңүл бурчу маанилүү маселе - капчыктагы акчанын коопсуздугун камсыздоо. Balance.kg коопсуздукка өтө кылдат мамиле жасаганын байкадым.
Албетте, бир жуманын ичинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрүп бүтө элекмин. Кереги тийген функцияларын гана пайдаланып текшерип көрдүм. Мезгил-мезгили менен башкаларын да сөзсүз иштетип көрөм.
Бир капчык жакшы, эки капчык андан да жакшы
Balance.kg тиркемесинин да иши эч качан үзгүлтүккө учурабайт деп айта албайм. Ошондуктан 4 жыл бою мага кызмат кылып келген мobilnik.kg'ни унутта калтырбайм. Экөөнү тең колдонуп турам, экөөнө тең акча салып турам. Бул эки электрондук капчык дагы өнүгөт, жаңы функциялары ачылат деген үмүттөмүн. Заманбап технологиялардын ортосунда атаандаштык болгону жакшы. Кардарда альтернатива болсо, компаниялар кардар үчүн мезгилдин талабына жараша бардык шарттарды түзгөнгө жан талашышат...