Гүлзат Мамытбек мындан ары ырчылык менен кызуу алектенет

Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек "Кыргызым менин" аттуу төртүнчү чыгармасына клип тарттырып, анын бет ачарын өткөрдү. Клиптен ырчынын чыгармасы максатсыз жаштарга дем, күч бергенин көрүүгө болот. Клиптин бет ачарынан кийин Гүлзат айым SUPER.KG порталына маек курду.

"Кыргызым менин" аталышындагы ырым - төртүнчү чыгармам. Буга чейин "Кыз бурак", "Россия-матушка, вставай!" чыгармаларын аткарып чыккам. Азыркы ырчылардын ырларынан эч кандай дем ала албайсың, тескерисинче, мааниси жок же уятын ачкан сөздөрдү угууга болот. Андай чыгармалар менен эч кимди ойгото албайсың. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин дем берип, шыктандырган сөздөрдү айтып, кыска видеолорду тартып келгем. Жакында эле Кариб аралына барып ал жактан эстетика боюнча сабак алдым. Ошондо буга чейин айтып, дем берип жүргөн сөздөрүмдү музыка аркылуу жеткириш керек экенин түшүндүм. Мындан ары патриоттук духтагы, дем берүүчү чыгармаларды ырдайм. Кийинки ырларым боордош казактарга, өзбектерге жана башка улуттарга арналат. Мындан ары ырчылыкка басым жасайм.

Клипти тарттырууда тажрыйбалуу адамдар менен иштештим. Клип 1 аптанын ичинде тартылып, даяр болду. Сүйгөн ишиңди жасаганда кыйынчылыктар билинбей өтүп кетет эмеспи. Айтор, ыр жаздырууда, клип тарттырууда кыйналган жокмун, эргүү алдым", - деп билдирди.

Ал эми клипте көчө шыпыргычтын ролун модель Рафкат Бакаев жараткан. Ал клипке тартылгандан кийин жашоодогу кыйынчылыктардын кандай болорун жон териси менен сезгенин айтат.

"Тартуу иштери болуп жатканда аба ырайы суук болчу. Анын үстүнө адамдар тоскоолдук жаратып ары-бери өтө берет экен. Ошондо көчө шыпыруунун канчалык оор жумуш экенин түшүнүп, жумушчулардын кадырын билдим", - дейт.

Ырчы болуу бала кезиндеги кыялы экенин айткан Гүлзат Мамытбек ырдап чыккандыгынын себебин айтып берди.

"Кичинекей кезимде ырчы болом десем, апам "артисттер жеңил ойлуу болушат, аларга карата ар кандай жаман да, жакшы да сөздөр айтылат. Ырчы болуунун кажети жок" деп койгон. Бир жолу үйгө меймандар келип "ким ырдайт?" дегенде чуркап барып ырдап койгом. Коноктор кеткенден кийин апам катуу урушкан. Ошондо үнүм буулуп, ырдай албай калгам. Азыр деле үнүмдү калыбына келтире албай, вокал боюнча сабак алып жатам. Биз, адамдар бири-бирибизге жардам берүүгө укуктуубуз. Мен башкаларга ырым менен моралдык жактан болсо дагы жардам берем, алдыга сүрөйм. Мен деле башкаларды көрүп таасирленем, аларды көрүп шыктанам. Мисалы, орусиялык Ольга Бузованын тытынып иштегенин көрүп "азамат!" деп баа берем, сыйлайм. Бирок чыгармачылыгын сыйлабайм деле".

Кыргыз деми ырчылыктан тышкары тасма жаатында дагы өзүн сынап, чоң долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатыптыр.

"Мен "Манас" тууралуу тасма тартууну пландап жатам. Эквадорго барганда кинопродюсерлердин бири менен таанышып калдым. Алар менен оюмду бөлүшсөм, дароо колдоп, англис тилинде тарталы деди. Буюрса, бул ишти колго алабыз. Мындан тышкары Эквадордон дагы бир клип тарттырам", - деди ырчы.

Кыргызым менин
Гүлзат Мамытбек эми ырчы болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Krasnyi.kg
2018-10-24 16:02:55
Аракет кылып кор
+2
RNA78
2018-10-24 16:15:06
Башка ырчылар деле жетиштуу эле го, тим эле койбопсун.
+8
Erik2018
2018-10-24 16:22:11
Клиби анча мынча ырчыларга караганда сонун чыгыптыр. Мага лично жакты. Жакшы дагы ырдаптыр. Жумуштагы бала улам угуп жатты мага жакты деп. Эми стресске түшсөк ушул ырды уга беребизго дем берет деп.
+13
kechirmeni
2018-10-24 16:25:17
Бир элечек кийип бир кыска кийип алганы эмнеси?
0
baihan07kenjetaev
2018-10-24 16:25:42
Ыр жакшы жазылыптыр бирок үнүңдү апаң өчүрүп койгон бойдон ойгоно элек экен, аракет кылып көр болбосо жөн эле кой.
+8
kechirmeni
2018-10-24 16:33:06
Ырын супсагыраак болуп калыптыр, же унун окшошсочу
0
Tyty1990
2018-10-24 16:39:00
Мен телефонума 100 сом салалбай жүрсөм булар акчаны кайдан табышат
-2
Suzak12
2018-10-24 17:19:05
Tyty1990, ХХХХХХХХХ булар сага окшоп бироонун акчасын эсептеген жок иштеп жатат аракет кылып жатат сенин ишин эмне каяктан акча тапканы менен.
+2
Djal1987
2018-10-24 18:48:22
Tyty1990,аракет кылсан
0
Syimyk.isaev
2018-10-24 17:38:41
Акыркы кадры укмушко,чынжырды алып жини келгени. Анча мынча ырчылардыкына караганда мыкты!
+3
Krai
2018-10-24 17:46:55
Байкуш бул да бир жанылык кылайын деп ар нерсенин эле башынан чыгып атат кечээ тур кыргызым. Бугун ырчы, эртен эмне болоор экенсин. Андан коро жон эле башка оокат кылсан жакшы болот эле
+3
Djal1987
2018-10-24 17:53:10
Эмне кылсаныз ошо кылыныз. Бирок оозунузду чоон ача бербениз, тырмак соомойлорунузду ведьмаладыкындай кылып движение кылбаныз, прическаныз кичине калыбына келди а то эки жеринизди кошуп салбандата берет элениз. Западты туурабай сизди коргон жаш кыздарга жакшы пример болунуз.
+3
Asylai88
2018-10-24 19:06:04
Жон эле койбоптур ырдаганды. Эми президенттике койом деп албаса болду.
+3
Suzak12
2018-10-24 19:18:02

Эмнеге мен жазганды чыгарбай жатасынар админ???
+1
Miroslav
2018-10-24 22:10:43
Манас тууралу кино таррпай эле койчу,даже ойлобочу сураныч.Чымчык сойсода кассап сойсун,сен кыргызды эрте менен ойготуп эле журо берчи,каалашынча дем берип.Толька Манас тууралу тарта корбо.
+3
Fortuna1987
2018-10-24 22:59:56
Манас тууралуу кино тартканына Мамлекет уруксаат берет болду бекен? Эмнеге именно Манаска кол салып жатасын? "Манас" кыргыздын коонорбос мурасы, кол тийгиз байлыгы. Менимче Манасты экрандаштыруу учун биз моралдык жана материалдык жактан даяр эмеспиз. Кереги жок, башка олколорго барып, жардам сурап, англис тилинде тартуунун. Качандыр бир кезде озубуз эле, эне тилибизде тартуучу учур келет. Шашылып кереги жок. Баарынын оз убагы бар. Демек Гулзат айым Манастан алысыраак болгонунз он.
+4
binur5
2018-10-25 08:31:37
Азыркы ырчылардын ырларынын создорду супсак дейби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан