25-октябрда Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында Кыргыздын маданият күндөрү өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында атайын даярдалган көчмө көргөзмө, театрлаштырылган көрсөтүү өтөт.
Андан сырткары Улуттук филармониянын артистери, “Ак марал” бий ансамбли, “Камбаркан” фольклордук ансамбли жана кино тармагынын өкүлдөрү кыргыз элинин улуулугун жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган маданий программа менен өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
2017-жылдын 15-октябрында Бишкек жана Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өткөн.