ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: "Туулган күнүмдө "Апакебай" аттуу ырымды биринчилерден болуп апама ырдап берип, көңүлүн көтөрдүм" дейт 30 жашка толгон ырчы Руслан Абылов

Бүгүн, 24-октябрда эстрада ырчысы Руслан Абылов 30 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Бүгүн маанайым абдан сонун! Аба ырайы да күн тийип, эң сонун болуп турат. Туулган күнүмдү утурлай кечээ апам келген. Ага арнаган "Апакебай" аттуу ырым даярдалып, клиби менен жакында жарыкка чыгуу алдында турат. Туулган күнүмдө ырымды биринчилерден болуп апама ырдап берип, көңүлүн көтөрдүм. Ал эми Руслан аттуу жакын досум кечээ эле куттуктаган. Кечинде 30 жашымды Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде досторум жана санаалаштарымдын курчоосунда белгилейм, учурда даярданып жаткан кезим", - дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Университетте окуп жүргөндө эле кафеде ырдап жүрчүмүн. Жогорку билим алгандан кийин комуздан, вокалдан сабак алып, анан чоң сахнага аттангам. 2012-жылы рэпер Добр менен чогуу гастролго чыгып баштадым. Тынчтыкбек Кожотегин байкебиз ыр жаздырууга жардамдашкан".
  • "Эл оозуна алынбай келгенимдин себеби буга чейин бир жылда бир ыр жаздырып же клип тарттырып коюп жүрө берчүмүн. Быйыл жакшы аракет кылып 3 клип, 4 ыр жаздырдым. Анын үстүнө баштаган ишимдин өтөсүнө чыкпасам, эмнеге таштап койдум деп өзүмдү жемелей берем. Буюрса, ушул ыргакта иштеп баштайм".
  • "Башында тойлорго аптанын дем алыш күндөрүндө эле чыксам, азыр бир жумада 4-5 жолу барып калдым. Чыгармаларымдан "Башка жанга чалба", "Дария", "Кыргызымдын кыздары" деген ырларымды суранышат".

Руслан Абылов көпчүлүккө "Башка жанга чалба", "Дария" "Кыргызымдын сулуу кыздары", "Тагдыр", "Бийкеч", "Кайдасың", "Жашоомо келген белексиң" жана башка ырлары менен белгилүү.

Ал 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылында төрөлгөн. Атасы айдоочу, апасы мугалим болуп эмгектенишкен. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси. 3 эжеси жана агасы бар.

Ал өзүндөгү чыгармачылык жөндөм, ырга болгон шыкты апасынан өткөн болушу керек деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2018-10-24 21:00:36
Туулган күнүң менен Руслан!Ата энеңе кайрымдуу жигитерден бол!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан