Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кайнатасы менен кайненесин балта менен чаап, окуя болгон жерден качып кеткен күйөө баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты. Күйөө баласынын колунан жаракат алган Келдибек Аскаров менен Айхан Токторованын абалы азыр да оор, учурда ооруканада дарыланышууда. Жабырлануучу Келдибек Аскаровдун келини Халийпа Нарматовага байланышканыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Биз кайнагам менен кошуна турабыз. 23-октябрда түнкү саат 2лерде алардын кызы мага телефон чалып, “акемди, балаңызды алып келиңиз. Күйөөм апам менен атамды балта менен уруп салды” деди. Барсак, кайын сиңдим “Жеңе, колунда бычагы да бар экен, этият болгула. Балким, ушул жерде эле жүрөт” деп ыйлап калды. Ал учурда күйөө бала качып кеткен экен.
Кайнагамдын башы жарылып, көздөрү көгөрүп, шишип кетиптир. Күйөө бала балта менен урганда кайнагам башын колу менен тоскон экен, колдору сынып калыптыр. Башын кызы сүлгү менен таңып коюптур. Абысыным керебетке жөлөнүп, эсин жоготкон абалда жатыптыр. Анын да кулагынан кан агып жаткан. “Тез жардамдын” келишин күтпөй эле балама унааны айдатып аларды ооруканага алып бардык. Экөөнү тең жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Жеңем азыр да эсине келе элек. Кайнагамдын болсо башына операция жасалды. Кечээ сүйлөп, суу ичип калган. Бирок кайра кечке маал кан кусуп, кыйналыптыр", - деди Нарматова.
Нарматованын айтымында, Келдибек Аскаровдун жалгыз кызы бар. Ал былтыр турмушка чыккан. Үй-бүлө жалгыз кызы жана анын жолдошу менен чогуу жашашкан.
"Күйөө балабыз акыркы күндөрү кайнатасынын малын, үйдөгү буюмдарды уурдап, сатып баштаган экен. Күйөө бала буга чейин да милицияда каттоодо турган деп угуп жатабыз. Мындан бир апта мурда агам ооруп, ооруканада аны жеңем карап жаткан. Ошондо үйдө эч ким жокто аялын сабаганда кыз “сени менен жашап кыйналып кеттим, ажырашам” деп үйдөн кууп чыккан экен. Ошого өчөшүп бул кылмышка барган окшойт деп ойлоп жатабыз. Ата-энесин уруп жатканда кызы “мени өлтүрсөң өлтүр, ата-энеме тийбе” деп балтаны кучактап туруп бериптир. Анан кызды эшикке сүйрөп чыгып сабап, денесин тиштегилеп салыптыр.
Туугандардын бирөө күйөө баланын атасына байланышкан экен. Ал “баламды эмне кылсаңар ошо кылгыла, уулум үйгө келген экен, кууп жибергем” дептир. Күйөө балабызды биз Бакыт деп таанычубуз. Бирок анын паспорттогу аты-жөнү башка экен. Эми ал тезирээк кармалып, өз жазасын алса экен", - дейт Халийпа Нарматова.