Бишкекте Голливуд актёру Марк Дакаскос катышкан "Арзуу менен Америкага" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

Бүгүн, 24-октябрда "Арзуу менен Америкага" аталышындагы тасма тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага фильмдин жаратуучулары, шоу-бизнес өкүлдөрү жана тасма сүйүүчүлөр катышты. Тасма Бишкек, Астана шаарларында жана АКШда тартылган.

Тасманын сценаристи жана продюсери Кубатбек Жолдошовдун айтымында, тасманы тартуу учурунда чыгармачыл топ бир катар кыйынчылыктарга туш болгон. Алсак, фильмдин басымдуу бөлүгү АКШда тартылгандыктан, тиешелүү документтерди даярдоодо кыйынчылыктар жаралган.

"АКШда жүргөндө миграцияга тиешелүү документтер жагынан абдан кыйналдык. Анын айынан 8 саат убактылуу кармоочу жайда да отурган күндөр болду. Тасмага жалпы жонунан 300 миң доллар короттук", - деди Жолдошов.

Ал эми тасманын режиссёру Санжар Юлдашев болсо, башкы ролдорду "Азия MIX" командасынын мурдагы оюнчусу Саламат Алиев жана Казакстандын актрисасы Дина Тасбулатова аткарышкан.

Ошондой эле тасмада Голливуд актёру Марк Дакаскос тартылган. Тасма жаратуучулар дүйнөлүк жылдыз менен иштешүү оңой болгонун айтып, ага канча гонорар төлөнүп берилгенин сыр бойдон калтырышты.
Тасманын жабык көрсөтүүсүндөгү видеоматериалды 25-октябрда SUPER TV'дан көрө аласыздар.
Голливуд актёру Марк Дакаскос тартылган кыргыз тасмасы жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан