Ошто троллейбустун жерде үзүлүп жаткан зымы унаанын дөңгөлөгүнө оролуп кетип унаа кырсыкка кабылды

Ош шаарындагы Араван көчөсүндө айдоочу Опел үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен кырсыкка кабылды. Ага күбө болгон окурмандын SUPER.KG'ге билдиришинче, кырсык 24-октябрь күнү саат 19:30 чамаларында шаардык оорукананын жанында катталды. Анда троллейбустун жерде үзүлүп жаткан зымы унаанын дөңгөлөгүнө оролуп кетип, унааны бир капталына тартып кеткен.

Бактыга жараша, айдоочу өзү аман калганын кошумчалады. Ал эми кырсык болгон жерге Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери келип кырсыктын чоо-жайын териштирүүгө алып башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан