Ошто өз атасы тарабынан зордукталды делген 8 жаштагы кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.
"Экспертизанын жыйынтыгы менен кыз зордукталып же зордукталбаганы аныкталат. Азырынча ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деп билдиришти милициядан.
Кылмышка шектелип кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда ал буга чейин аялын ур-токмокко алып келгенин моюнуна алган. Бирок кызын зордуктабаганын билдирген. Ал аялын сабап келгендиги үчүн "аялым өч алуу максатында бул окуяны ойлоп чыгарды" деп жатат.
Ал эми анын аялы кечээ телеканалдардын бирине күйөөсү кызына карата биринчи ыплас аракеттерди жасагандыгын 2017-жылы эле билгенин айткан. Бирок аны күйөөсү коркутуп бул тууралуу эч кимге айтпа деп талап кылган. Ал гана эмес, үйүнөн жалгыз чыгууга тыюу салып, аны дайыма коштоп келгенин кошумчалаган. Кийин ал эжесинин жардамы менен үйүнөн качып, кризистик борборго жардам сурап кайрылгандыгын айтып берген.
Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.