SUPER TV: Актан Рыскелдиев: "Үйдө келинчегимдин кийимдерин да мен үтүктөйм"

SUPER TV`нын “Жылдыздар кесибин алмаштырат” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында "тамашоучу" Актан Рыскелдиев тигүү цехтеринин биринде үтүкчү болуп иштеп, буга чейин аталган кесипти аркалап көргөнүн айтты.

"Айылдан шаарга жаңы келген кезде бир топ кесипти аркалап көргөм. Алардын катарында үтүкчүлүк да бар. Мындан улам кыйналам деп деле корккон жокмун. Студент кезимде келинчегим көйнөгүмдү үтүктөп берген, бирок мага жакпай калган. Ошондон бери үйдөгү анын да, өзүмдүн да кийимдеримди мен үтүктөйм", - деп күлөт.

Айта кетсек, буга чейинки берүүбүздө ырчылар Нурлан Насип менен Гүлнур Асанова борбордогу кафелердин биринде тейлөөчү болуп, кийинки келе турган конокко үтүкчүнүн жумушун аткарууга тапшырма беришкен.

Берилген тапшырманы Актан Рыскелдиев канчалык деңгээлде аткара алды жана кийинки келе турган конокко кандай тапшырма калтырганын көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга баш багыңыз.

Актан Рыскелдиев: "Үйдө келинчегимдин кийимдерин да мен үтүктөйм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
botosh
2018-10-25 18:05:49
Молодец, ушул баланы сыйлайм
+1
Osh2017g
2018-10-26 08:13:40
Утуктосон утуктой бер, айтпа да
-1
Abdizhapar
2018-10-26 08:25:31
Ушулар тойгозду мактанып ХХХХХХХ
-2
jaskaaa
2018-10-26 08:45:25
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан