Суусамырда айдоочу менен жүргүнчүлөрдү карактаган 3 адам кармалды

Бишкек-Ош унаа жолунда бара жаткан айдоочу менен жүргүнчүлөрдү үч киши карактап кетишкен. Бул тууралуу 25-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Суусамыр өрөөнүндө катталган. Анда унаада бара жаткан төрт кишини үч жаран тапанча менен коркутуп, 35 миң сом акчасын тоноп кетишкен. Шектүүлөр "Сосновка" постунда кармалып, алар айдап бара жаткан машина текшерүүгө алынганда таксинин шашкасы менен тапанча табылган. Алардын бири каракчылык кылгандыгын моюнуна алган.

"Бул адамдар Талас облусунда каракчылык кылып, ошол эле максатта Бишкекке келе жатышкан болушу мүмкүн. Учурда алар Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинип, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп кабарлашты облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан