Кадамжайда карышкырлар айылга кирип келип элге кол салды. Биринин баш сөөгүн, айрымдарынын колу-бутун талап салган

Кадамжай районундагы Майдан айылына эки карышкыр кирип келип тургундарга кол салды. Окуя 23-октябрь күнү болгонун SUPER.KG'ге район акими Жаныбек Исаков кабарлады. Анын айтымында, адамдарга кол салган эки карышкырдын бири кармалып, экинчиси качып кеткен. Учурда мергенчилер ок-дары менен камсыздалып, карышкырларды атып жок кылуу иштери жүрүп жатат.

"23-октябрь күнү Майдан айылына эртең менен эки карышкыр түшүп келип, тургундарга кол салган. Тургундар тарабынан бири ошол замат кармалып өлтүрүлсө, экинчиси качып кеткен. Ал эми жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыр канчоосу ооруканада жатканын билбейт экенмин. Бирок карышкырлар биринин баш сөөгүн, калгандарынын буту-колун талап салган", - деди Исаков.

Айрым маалыматтарга караганда, эки карышкырдын кол салуусунан жалпы 4 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn2017
2018-10-25 15:41:28
Баткен облусунда жылдале ушундай болот тоолорго кар тушуп ачкалыктан айылдарга кирип келет бул биринчи жолу эмес
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан