15-20-октябрь күндөрү Кокон шаардык прокуратурасы окуу жайда текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада колледждин директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып кармалган. Ошондой эле кыздардын зордукталышына шектелип директордун айдоочусу, окуу жайдын кароолчусу, жаштар лидери жана психолог кармалган.
Зордуктоого айыпталып жаткан кызматкерлердин бири кармалгандан кийин алар кыйноого алынышканын айтып чыккан."Кокон милициясы шектүүлөрдү үч күн кыйнады. Анын кесепетинен директордун айдоочусу менен кароолчуга "Тез жардам" чакыртууга мажбур болдук. Жаштар лидерин кемсинтип, зордуктоо айыбын моюнуна алууга мажбурлашты", - деп билдирген ал.