Казакстандык рэп аткаруучу Скриптонит Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жагымсыз иштеринен кийин Кыргыз өлкөсүнө башка келбей тургандыгын билдирди

Скриптонит каймана аты менен таанымал казакстандык рэпер Адил Жалелов экинчи Кыргыз өлкөсүнө, тактап айтканда, Бишкек шаарына келбей тургандыгын күйөрмандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, күйөрман "Бишкек сиз үчүн жабык тема деп уктум? Эмне себептен ушундай? Бишкектин тургундарынын баары сенин ырларыңды угат жана сенин келишиңди күтүп жатат" деген суроо узаткан. Өз кезегинде ырчы ал Бишкекке концерт коюп келген учурда жагымсыз окуяга кабылганын жана анын мындай чечимге келишине Бишкек шаарынын милициясы күнөөлүү экенин айткан.

"Ал жакта биз жагымсыз окуяга туш болгонбуз. Милиция кызматкерлери бизге жалаа жапканга аракет кылган. Биз акча берип кутулганбыз. Мен ал нерсени эстегим келбейт жана ал жакка баргым келбейт. Бул жерде Бишкек шаарынын тургундарынын эч кандай күнөөсү жок. Бардыгына милиция күнөөлүү", - деген оюн айткан ырчы.

Ал эми алып баруучунун "видео байланыш аркылуу Бишкек шаарындагы угармандарыңа концерт берүүгө даярсыңбы?" деген суроосуна ырчы даярмын деген жообун узаткан.

Эскерте кетсек, Скриптонит акыркы жолу Бишкек шаарына 2015-жылы келген. Анда ал түнкү клубдардын биринде өзүнүн альбомун алгачкы болуп Бишкектеги угармандарына тартуулаган.

Скриптонит Бишкек тууралуу
Казакстандык рэпер Кыргыз өлкөсүнө келбей тургандыгын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-10-26 09:25:40
Оа казактын менттери тим эле периште.
+35
meni_kut
2018-10-26 09:38:13
Казактын менттери кылганды корбоптур базардан жаш балдардан бери тырыштырып акча сыгып Кун бербей
+23
Samar90
2018-10-26 10:45:05
Келбейле койчу братишка
+25
Take_men
2018-10-26 11:01:11
Экинчи келбейм деп...хе хе келбей эле кой сени сагынган эч ким жок. Мен мисалы өмүрүмдө биринчи жолу угуп атам сендей рэпер бар экенин
+20
Flowhive
2018-10-26 11:46:46
Аны да туура түшүнүш керек,мен да кошулам... кыргыз милициясы оңолбойт жана уят ыплас иштерди жасашат
-13
ali1995
2018-10-26 12:40:15
Келбегени жакшы озун бир нерсе Сезип алганго
+10
taibek12
2018-10-26 15:01:09
Казактардын менттери биздин менттерден отсос тот бирок калышпайт
+4
Samat777
2018-10-26 18:49:31
келип койчууууу деп жалдырайлыбы эмне келбесе келбесин, озубуздун чача мача реперлер жетет.
Ал эми кыргыз милициясы чынында эле чет элдиктерге
мокочо болуп бутту. Кулкунду тыйыш керек.
+3
adiaza
2018-10-27 01:50:51
Казактардын милициясы укмуштуудай айтыптыр го, алардын милициясы вообще иттер алардыкына салыштырмалу биздики адам керчиликтуу бир жолу алматынын аэропортунан башка олкого учмакмын аэропортко жеткичекти милиция пограничниктери ушунча азапты беришкен бут документтерим туура болсо деле ошондо мен да айткам экинчи алматыга келбейм деп
+1
Pandora
2018-10-27 03:02:30
Кимдин козу учуп жатыптыр бул жигитке?
0
Dimonbek
2018-10-27 22:55:36
Казактын милициясы "бандит" болуп алышкан. Транзит номер менен келе жаткан кыргыздарды тоноп, унааларына чейин алып койгон фактылар бар. Бирок Казакстанда факт жардам бербейт экен.
0
AzKumFerDan
2018-10-28 11:55:00
Келбей эле койчу кимдин козу учуп жатыптыр сага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан