Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ак илбирстин эл аралык күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Сур эчкинин каргышы" аталыштагы спектаклдин бет ачары болот. Бул тууралуу Кыргыз Респбуликасынын Эл артисти, спектакль койгон режиссёр Жамал Сейдакматова кабарлады.
Айта кетсек, ак илбирстин эл аралык күнүнө жыл сайын 23-октябрь күнү белгиленип, анын алкагында бир нече күн бою ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.
"Аталган спектаклдин өзгөчөлүгү ыр түрүндө жазылгандыгында. Улуу жазуучубуздун чыгармасынан аз гана монологдор алынган, ал да ыр түрүндө айтылат. Калган нерсенин баары кыймыл-аракет менен көрсөтүлөт. Бул көрөрмандар үчүн өтө ыңгайлуу", - деп билдирди Сейдакматова. Спектакль саат 16:30да башталат.