Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда унаа жолдон чыгып, оодарылып кетип 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 6:48 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) орун алган. Анда Audi S4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаа жолдон чыгып кетип, унаасы оодарылып кеткен. Натыйжада 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.