Эскилери эбак талкаланган! "Бакай Банк" Талас шаарына аялдамаларды куруп берип, элге ыңгайлуулук жаратты

"Бакай Банк" Талас шаарына 2 аялдама куруп берди. Акыркы жылдары аталган шаарда коомдук транспорттордун саны көбөйүп, андагы жашоочулар шаардын инфраструктурасынын өнүгүшүнө муктаж болуп жатышкан. Буга байланыштуу Талас шаардык мэриясы бир нече коммерциялык банктарга шаарга аялдама куруп берүүнү өтүнүп, расмий кат жолдогон. Мэрия жөнөткөн өтүнүч катка биринчилерден болуп "Бакай Банк" жооп кайтарган.

"Биздин адистер аялдаманын курулушунун долбоорун мэрия менен макулдашып алышты. Андан кийин ушул жылдын май айында курулуш иштери башталды. Ага канча каражат жумшаларын эсептеп чыгып, ишти аткаруучу компанияны таап, жакында эле курулуш иштери аяктады. Анын үстүнө бул жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган", - дейт "Бакай Банк" ААКсынын Таластагы филиалынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев.

Анын айтымында, шаар ичине жалпы 42 аялдама курулушу керек. "Бакай Банк" - азырынча мындай демилгени аткарган жалгыз компания. Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков дагы өз кезинде компанияга социалдык абалга кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик каалады.

"Бакай Банктын" Таластагы филиалынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев айткан убадасына туруп, шаар тургундары үчүн заманбап аялдамаларды куруп берди. Эми Талас шаарынын жашоочулары жамгыр, кар жааганда суу болуп кыйналбай, ыңгайлуу аялдамада транспорт күтүшөт", - деди Айдар Жузупбеков.

Ал эми Талас шаарынын жашоочулары шаарга көп жылдардан бери аялдамалар курула электигин айтышкан. Айтымдарында эски аялдамалар дээрлик сынып, талкаланып калган. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкону үчүн "Бакай Банкка" ыраазы болуп жатышат.

"Бардык жашоочуларга базарга барып-келүү ыңгайлуу болуп калды, анткени базардын жанына аялдама курулду. Мындай шарт өзгөчө аялдар жана балдар үчүн абдан жагымдуу болду. Рахмат, биз өтө кубанычтабыз", - деген пикири менен Талас шаарынын Аманбек Туралиев аттуу жашоочусу бөлүштү.

Жаңы аялдамалар шаардагы Оторбаев менен Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишине жана Бердике баатыр менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.

"Бакай Банк" ААКсынын байланыш номерлери:

Дареги: "Бакай Банк" ААКсынын Бишкектеги башкы кеңсеси - Бишкек шаары Исанов көчөсү 77.

Телефону: 0 (312) 61-00-61, уюлдук телефондон 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11

"Бакай Банктын" Талас шаарындагы филиалынын дареги - Манас көчөсү 118А.

Телефону: 0 (3422) 5-46-66.

Иш убактысы: Дүйшөмбү-Жума, саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

Сайт: www.bakai.kg

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

Бакай банк аялдамаларды курууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан