Ысык-Көлдө баңгизат менен эки жаран колго түштү

Ысык-Көл облусунда баңгизатын сатууга каршы күрөшүү кызматы бир сутканын ичинде эки жаранды кармады. Алар "Транзит" операциясынын алкагында колго түшкөнүн облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 25-октябрда баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен Түп райондук милициясынын кызматкерлери Ичке-Суу айылынан 44 жаштагы жергиликтүү жашоочуну кармашкан. Анын жанынан 10 ширеңкенин кутусуна салынган 600 грамм нашаа табышкан.

Ушул эле күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Mercedes-Benz унаасы токтотулуп, анын ичинде бараткан Ош шаарынын 41 жаштагы тургунунун жанынан түрдүү формадагы 60 грамм нашаа алынган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан