Бишкекте айдоочу унаасын каршы тилкеге түшүп айдап баратып 43 жаштагы аялды сүзүп кетти

Бишкектин Москва көчөсүндө айдоочу унаасын каршы тилкеге түшүп айдап бара жатып, 43 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 26-октябрда саат 13:20 чамасында катталган.

"Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жолду туура эмес кесип бара жаткан аялды сүзүп алган. Унаанын айдоочусу өзү дагы каршы тилкеге түшүп айдап бараткан. Окуя болгон жерден жабырлануучуну "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Анын абалы орто деп жатышат. Ал эми айдоочу спирт ичимдигин ичпегени аныкталды. Учурда унаа айып жайына токтотулуп, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eddi.
2018-10-26 15:25:49
Хонда фит айдаса,Япониянын жолу деп баратса керек да,көк мээ
+5
Azyk_tegin
2018-10-26 15:40:28
eddi., Туура!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан