Кытайда 39 жаштагы аял ашкана бычагы менен бала бакчадагыларга кол салды. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 26-октябрь күнү өлкөнүн батыш тарабындагы Чунцин шаарында жайгашкан бала бакчалардын биринде орун алган.
Полициянын берген маалыматына караганда, кол салуудан кеминде 14 бала жаракат алган. Алар дароо жакын жердеги ооруканага жиберилген.
Ал эми бычак көтөргөн аял кылмыш болгон жерден кармалган. Бирок азырынча ал эмне үчүн мындай кадамга барганы жана жаракат алган балдардын абалы боюнча маалыматтар бериле элек.