Өзгөндө таксисттер кардар талашып мушташты. Жабыркагандардын арасында бир аял бар

Ош облусунун Өзгөн шаарында унаа токтотуучу жайда таксисттер мушташа кетишти. Мындай маалыматты облустук милициядан тастыктады.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 26-октябрда саат 12:00 чамасында катталган.

Өзгөндөн Бишкекке каттаган таксилер токтоочу жайда эки таксист кардар талашып мушташып кетишкен. Биринчи таксисттин баласы атасына болушуп, экинчи таксистти сабап салган. Мындан улам токмоктолгон жаран кайра баласын чакырган. Ал келип атасын сабап койгон таксист менен анын баласын кайра сабаган. Таяк жеген жаран кайра 3 досун чакырып, ортодо чыккан мушташтан 1 аял жаракат алган.

"Мушташкандардын бардыгы Өзгөн РИИБине алып келинип, сурак берип жатышат. Алар бири-бирине карата арыз жазышты. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Өзгөндө таксисттер мушташа кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Respect.
2018-10-26 17:15:17
Ош-Бишкек таксисттер өзү бир нерсе көргөнсүңөрбү?
+4
tular
2018-10-26 17:16:28
Долу турбайбы! Сабырдуу болушса болмок.
+4
Koichuman
2018-10-26 20:46:12
UFS бул жакта калыптырго
0
kechirmeni
2018-10-27 08:48:55
Koichuman,UFC
0
erjigit-e.15
2018-10-27 01:48:37
Кечээ кордук эле машинада бара жатып
0
talaa11
2018-10-27 02:09:29
Очерет менен каташса болот баары экиден,учтон клиент алып алып тура беришет беришет толгондо жонойбуз дешип
+2
titanik32
2018-10-27 09:51:31
Өзүм Өзгөндө Бишкек стоянканын маңдайында турам,эми таксисттер жөнүндө айтсам сөз өтө көп.Негизи таксисттер клиенттерди тейлөө маданиятын билишбейт.Алыстан көргөн адамдардын колундакы сумкасы менен жолдун аркы ойүзүнөн дыргаяктатып жетелеп жөнөйт ой боюна койбой.Анан машинесинин жанына алып келип алып Бишкеке барасызбы канча адам деп сурак жүргүзө башташат.Анан барбайым ой коё бер мен Өзгөнгө базарга келдим дегенде,мурчуюшуп чыйт түкүрүп ичинен сөгүнүп күнгүрөнүп калышат.Ушуларга бир тарбия бер
+1
Matahara1980
2018-10-27 10:08:16
Олушотго бирин бири талап
0
senchi
2018-10-27 12:20:47
Аялды урган баланы сотко бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан