Таласта абактан жаңы эле чыккан адам той өтүп жаткан ресторанга кирип телефон, акча уурдаган

Талас облусунда той өтүп жаткан ресторанга кирип, 2 телефон жана акча уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя, 20-октябрда катталган. Шектүү Талас облусунун 28 жаштагы тургуну.

"Шектүү ресторанга атайын уурулук кылуу үчүн кирген. Ал 2 телефон жана 10 миң сомдон ашык акча уурдаган. Аны милиция кызматкерлери Бишкек шаарынан кармашкан. Кылмышка шектүү мурда да соттолуп, эркиндикке чыкканына аз эле убакыт болгону аныкталды. Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Таласта тойлордо телефон уурдаган киши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Matahara1980
2018-10-27 10:11:30
Эмнеге уурдап чыгып баратканда кармашкан эмес, спокойно тартып турушат
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан