Чүй облусунда баңгизатты унаага алмаштырууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматына 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү жигит баңгизатты унаага алмаштыра турган адам издеп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. 23-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында баңгизатты "Тойота" үлгүсүндөгү унаага алмашып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургуну М.Т. кармалды.
"Кармалган жарандын жанынан скотч менен оролгон баңгизат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал салмагы 718 грамм гашиш экени аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет министрликтен.